Бишкектеги же Орто-Сай айылындагы монтаждоо пунктунда 101,3 МГц жыштыгы боюнча онлайн аукцион боюнча пресс-релиз

16.01.2025  10:32

18

2025-жылдын 15-январында auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыштарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өткөргөн радиожыштык спектринин онлайн-аукциону болуп өттү. Аукционго Бишкек шаарынын же Орто-Сай айылынын монтаждоо пунктунда 101,3 МГц радиожыштыгы коюлду, баштапкы баасы 449 595,0 сом.

Аукционго катышуу үчүн 5 катышуучу катталган, анын ичинен 4 катышуучу аукционго киргизилип, катышты.

Аукцион 8 саат 20 мүнөткө созулду. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталып, сунушталган максималдуу баасы 5 057 943,75 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Санариптик ɵнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги байланыш жаатын жөнгө салуучу мамлекеттик орган болуп саналат, институциалдуу жана байланыш операторлорунан финансы боюнча көз карандысыз. Байланыш агенттиги монополиялык ишке жол бербөө максатында байланыш рыногуна талдоо жүргүзүү жана, радиожыштык спектрин пайдаланууга уруксат документтерди берүү, электр байланышы, почта байланышы, маалымат жиберүү, телерадиоберүүлөр, анын ичинде электр байланыш системаларын жана түзүлүштөрүн долбоорлоо, куруу, тармактарды, линияларды, курулмаларды куруу, орнотуу, жаатындагы ишке лицензияларды берүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ.