"Чаувай" РРС-38 орнотуу пунктунда 101,9 МГц жыштыгы үчүн онлайн аукцион боюнча пресс-релиз

03.07.2025  09:08

48

2025-жылдын 1-июлунда auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыштарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан радиожыштык спектринин онлайн-аукциону өткөрүлдү. Аукционго Чаувай РРС-38 монтаждоо пунктунда 101,9 МГц радиожыштык коюлган, баштапкы баасы 69 840,0 сом.

Аукционго катышуу үчүн 2 катышуучу катталган, анын ичинен 2 катышуучу аукционго киргизилип, катышты.

Аукцион 16 мүнөткө созулду. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталды, сунушталган максималдуу баасы 76 824,0 сом.

Кыргыз Республикасынын Санариптик ɵнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги байланыш жаатын жөнгө салуучу мамлекеттик орган болуп саналат, институциалдуу жана байланыш операторлорунан финансы боюнча көз карандысыз. Байланыш агенттиги монополиялык ишке жол бербөө максатында байланыш рыногуна талдоо жүргүзүү жана, радиожыштык спектрин пайдаланууга уруксат документтерди берүү, электр байланышы, почта байланышы, маалымат жиберүү, телерадиоберүүлөр, анын ичинде электр байланыш системаларын жана түзүлүштөрүн долбоорлоо, куруу, тармактарды, линияларды, курулмаларды куруу, орнотуу, жаатындагы ишке лицензияларды берүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ.