2575–2625 МГц (тилкенин кеңдиги 50 МГц) радиожыштык диапазонунун онлайн-аукцион боюнча пресс релиз
11.11.2025 09:29
61
2025-жылдын 10-ноябырында auction.nas.gov.kg интернет-ресурста Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан өткөрүлгөн радиожыштык спектрине онлайн-аукцион өттү. 2575–2625 МГц (тилкенин кеңдиги 50 МГц) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында LTE технологияларын колдонуу менен кеңири тилкелүү жетүү тутумдарын пайдалануу үчүн экинчилик негизде лот коюу менен радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн, 128 282 500,0 сом баштапкы баасы менен тоорукка коюлган.
Тоорукка катышуу үчүн 3 катышуучу катталып, аукционго кирүүгө мүмкүнчүлүк 3 катышуучуга берилген жана катышкан.
Тоорук 1 саат 54 мүнөт 53 секунд созулду. Тооруктун жыйынтыгы жеңүүчүнү аныктады, 1 552 218 250,0 сом максималдуу баасы менен.