2575–2625 МГц (тилкенин кеңдиги 50 МГц), Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында LTE технологияларын колдонуу менен кеңири тилкелүү жетүү тутумдарын пайдалануу үчүн экинчилик негизде радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча онлайн-аукцион жарыяланат
08.10.2025 13:43
77
Маалыматтык билдирүү: Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын 2025-жылдын 8-октябрындагы №333-пр буйругу менен төмөнкү радиожыштык спектрине онлайн-аукцион жарыяланат:
- 2575–2625 МГц (тилкенин кеңдиги 50 МГц) менен, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында LTE технологияларын колдонуу менен кеңири тилкелүү жетүү тутумдарын пайдалануу үчүн экинчилик негизде лот коюу менен радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча онлайн аукцион жарыялоо;
- пайдалануу мөөнөтү 10 жылга;
- баштапкы бааны белгилөө менен 128 282 500,0 (жүз жыйырма сегиз миллион эки жүз сексен эки миң беш жүз) сом;
- 6 414 125,0 (алты миллион төрт жүз он төрт миң жүз жыйырма беш) сом түзгөн, 5% аукциондук кадамдын баасы менен. Баанын бир жолку көтөрүлүшү 10 аукциондук кадамдан ашпоого тийиш.
Онлайн-аукционго катышууга арыздарды каттоо жана онлайн аукционду интернет ресурста жүргүзүү auction.nas.gov.kg.
Каттоонун башталышы: 2025-жылдын 8-октябрында саат 16:00 мүнөттө.
Каттоонун аягы: 2025-жылдын 7-ноябрында саат 16:00 мүнөттө.
Онлайн аукциондун датасы жана убактысы 2025-жылдын 10-ноябрында саат 10:00 мүнөткө пландаштырылсын.
Баштапкы каттоодон өтүп жаткан адамдар үчүн катышуучулар төмөнкү документтерди тиркешет:
1) юридикалык жак үчүн:
- юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө колдонуудагы күбөлүк же катталган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген юридикалык жактардын реестринен көчүрмөсү;
- юридикалык жактын жетекчиси катышкан учурда аны дайындоо жөнүндө буйрук;
-зарыл болгон учурда аталган онлайн-аукционго катышуу үчүн мыйзамдуу кызыкчылыктарды билдирген жакка белгиленген мыйзамдуу тартипте таризделген ишеним кат;
- Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн юридикалык жактын жетекчисинин же ишенимдүү адамдын паспортунун сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү.
2) жеке жак үчүн:
- Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн паспорттун сканерленген көчүрмөсү.
3) жеке ишкер үчүн:
- жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн паспорттун сканерленген көчүрмөсү.
4) бардык катышуучулар үчүн:
- auction.nas.gov.kg интернет ресурстагы жеткиликтүү радиожыштык ресурсунун тизмесинен каалаган ресурсту тандоо;
- 2025-жылдын 7-ноябрында саат 16:00 мүнөткө чейин баштапкы баанын 5% өлчөмүндө кепилдик төгүм төлөнгөндүгү жөнүндө төлөм документинин сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн төмөнкү реквизиттер боюнча берилсин:
Мекеменин аталышы: Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы;
Дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119;
ИНН: 02607201610037;
Өздүк эсеп: 4402031103010863;
Банк: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы;
БИК: 440001;
ОКПО: 29414320;
МСКнын коду: 001;
Төлөм коду: 14 511 900-Башка салыктык эмес кирешелер;
Төлөмдүн тапшырмасында кепилдик төлөм төгүлө турган радиожыштыктын номиналы көрсөтүлөт.
Бир лотту сатып алуу үчүн берилген төлөм тапшырмасы башка лоттор үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Онлайн аукционго катышуу үчүн катталган жеке кабинети бар адамдар үчүн төлөм документтерин priemnaya1@nas.gov.kg электрондук почтага жөнөтсүн. Катышуучунун жеке кабинетин алгачкы каттоодо тиркелген документтер өзгөргөн учурда priemnaya1@nas.gov.kg электрондук почтага жөнөтсүн.
Башка онлайн аукциондорго катышуу үчүн сунушталган төлөм тапшырмасы ушул буйрук менен жарыяланган аукционго катышуу үчүн негиз катары көрсөтүлбөйт.
Ушул буйрук менен жарыяланган онлайн аукциондун бир лотуна катышуу үчүн көрсөтүлүүчү төлөм тапшырмасы онлайн аукциондун башка лотуна катышуу үчүн негиз катары көрсөтүлбөйт.
Ушул буйрукта белгиленген шарттарды сактоо менен auction.nas.gov.kg интернет ресурста каттоодон өткөн адамдарды онлайн аукционго катышууга киргизилсин.
Онлайн-аукционго катышуу боюнча келип чыккан суроолор боюнча Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119 дареги боюнча, 544194 жана 544103 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот.