Лицензиялоо
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиялык комиссиясы 2020-жылдын 7-декабрындагы №59 лицензиялык комиссиянын чечиминин негизинде жана 2020-жылдын 9-декабрындагы №466-пр буйругу менен жоюлган.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өз ишинде төмөнкү ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат:
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Электр байланышы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Почта байланышы жөнүндө"
Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо
Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобо
Арыздардын формалары:
*Электр байланыш жаатындагы ишке лицензия алуу үчүн керектүү документтер
*Маалыматтарды берүү жаатындагы ишке лицензия алуу үчүн керектүү документтер
*Почта байланыш жаатындагы ишке лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтер
*Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензия алуу үчүн керектүү документтер
- Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишке лицензия алуу үчүн арыз;
*Радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу үчүн керектүү документтер
- Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишке лицензияны кайра тариздөөгө арыз.
*Радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензиясы кайра тариздөө үчүн керектүү документтер
Ошондой эле арызды электрондук түрдө (ТЕСТТИК РЕЖИМ) "ЛИЦЕНЗИЯЛЫК-УРУКСАТ БЕРҮҮЧҮ РЕЕСТР" АМС аркылуу төмөнкү дарек боюнча берүүгө болот - https://lrr.srs.kg. Электрондук түрдө кайрылсаңыз, (0312) 54-41-94 телефон аркылуу байланышыңыз.
Лицензиялоо маселелери боюнча тел: (0312) 54-41-94
Государственный реестр выданных лицензий
ГОСУДАРСТВЕННЫЙ РЕЕСТР ВЫДАННЫХ ЛИЦЕНЗИЙ от 04.12.2025 г.
reestr_04.12.2025.xlsx